Мастер-план Бишкека
Бишкек-2050
Башкы план
Бишкектин шаардык мейкиндигин өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерди жана сунуштарды топтоо үчүн онлайн-платформа. Сиз заманбап жана ыңгайлуу шаарды түзүү процессине түздөн-түз катыша аласыз. Сиздин идеяңыз жана сурамжылоонун натыйжалары Башкы планды иштеп чыгуунун негизин түзөт.
Мастер-план Бишкека
Бишкек шаарынын Башкы планы
Бул 2050-жылга чейин шаарды өнүктүрүүнү аныктаган стратегиялык документ.

Башкы пландын долбоорун иштеп чыгуу Бишкек шаарынын аймагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого, ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөнү түзүүгө, Кыргыз Республикасынын борбор шаарынын тургундарынын жашоочуларынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.
Тургундардын ой-пикирлери
Коомдук угуулардын жыйынтыгы жана жаңыртылган долбоор схемасы
2025-жылдын 24–25-декабрь күндөрү Бишкек шаарында Башкы пландын долбоору боюнча коомдук угуулар өткөрүлгөн.

Талкууга шаар жетекчилиги, долбоордун иштеп чыгуучулары, шаардык жана тармактык кызматтардын өкүлдөрү, активдүү шаар тургундары, ММК, ишкер чөйрөнүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Угуу маалында шаардын өнүктүрүү боюнча сунуштар, эскертүүлөр жана пикирлер айтылды.

Жарандар тарабынан түшкөн бардык кайрылуулар жана сунуштар белгиленген тартипте каралды. Алардын жыйынтыктары жана долбоордук схемага киргизилген өзгөртүүлөр менен бул жерден таанышсаңыз болот:


СХЕМА ЗОНИРОВАНИЯ

Замечания и предложения поступившие в ходе общественных слушаний 24-25 декабря 2025 года

Предложения и замечания от жителей города Бишкек к проекту Генерального плана развития города Бишкек до 2050 года, поступившие в период с 25 октября по 25 декабря 2025 года




Жаңылыктар
Иштеп чыгуучу
Тапшырыкчы
«Научно-Исследовательский Институт Перспективного Градостроительства» (НИИ ПГ), Санкт-Петербург шаары – Россия Федерациясынын долбоордук-архитектуралык борбору жана аймактык пландоо, шаар курууну зоналаштыруу жана аймакты пландоо жаатындагы лидер.

НИИ ПГ 1992-жылы Россия Федерациясынын эски долбоорлоо институттарынын бири – Петербургдун Ленин курулуш институтунун базасында түзүлгөн. Институт инновациялык ыкмаларды жана заманбап чечимдерди киргизүү, мейкиндиктикти талдоонун жаңы технологияларын колдонуу менен шаар куруу чөйрөсүндө 60 жылдык тажрыйбасы менен топтолгон кесиптик салттарды улантууда, бул мезгилдин чакырыктарына жана келечектин керектөөлөрүнө жооп берген комплекстүү жана туруктуу шаар куруу стратегияларын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

НИИ ПГ өзүнүн ишмердүүлүгүнүн тарыхында федералдык деңгээлдеги жана региондук маанидеги 700дөн ашык бекитилген шаар куруу долбоорлорун даярдаган.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти (ЖТЖКШК) Бишкек шаарынын мэриясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, жеке турак жай курулушу үчүн жер участокторуна укуктарды берүү, ошондой эле келечектүү шаар курууну пландаштыруу жана Бишкек шаарынын өнүктүрүү боюнча иштерди уюштурууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу муниципалдык башкаруу органы болуп саналат.


Долбоордун катышуучулары
genplan.bishkek.gov.kg сайтындагы материалдарды колдонуу укук ээлеринин алдын ала макулдугу менен гана уруксат берилет.
Сүрөттөргө жана тексттерге карата бардык укуктар НИИ ПГга таандык.